понедельник, 13 июня 2016 г.

Кыргызстандын уюлдук операторлорунун алдыңкы тарифтерин салыштыруу


Акыры, Кыргызстандын уюлдук операторлорунун тарифтик пландарын салыштырып жүргөн байкоолорумдун жыйынтыгында атайын долбоорду презентациялаганга бышып жетилдим.
Кардарларды талашуу боюнча маркетингдик күрөш 2016-жылдын 1-январынан тарта мобилдик байланыш кызмат көрсөткөн компанияларды абоненттеринин номерин башка операторлорго которуу кызматын көрсөтүүгө милдеттендирип койгондон кийин аябай күч алды. Бул нерсе уюлдук операторлорунун ортосунда кызматтын сапаты, баасы жана дагы кошумча опциялар боюнча атаандаштыктын болушуна шарт түзүп жатат.
Операторлор биринен бири калышпай абоненттерге “Эң ыңгайлуу сунуштарын” сунуштап жатышат жана алардын кайсынысы чынында эле мыкты сунуш экенин аныктоо оңой эмес.
Баары сыяктуу эле мен дагы ар бир байланыш операторунун сим-картасын иштетем. Бирок көпчүлүгүбүз сапаттуу түрдө бир гана симкабызды колдонуп, калганын жардамчы катарында колдонуп келебиз. Бул макалада биз көп симка түшө турган телефондорубузда негизги ролду аткарууга умтулган уюлдук операторлордун эң алдыңкы тарифтерин талдоого алабыз.
Мүнөт, интернет, смс билдирүүлөр, тагыраак айтканда, баары камтылган тарифтерди гана салыштырып көрөбүз. Бул тарифтер - “Билайндан” “Твой Стиль”, чагымчыл мүнөзгө ээ “Переходи на О!”, жана “Мегакомдон” жаңы тариф “Элдик”.
Белгилеп кетүүчү жагдай, батыштагы уюлдук операторлордун баары интернет-провайдерлерге айланып калышкан, ушул эле кырдаал бир нече жыл кечирээк Кыргызстанда дагы башталып отурат.
Операторлор трафик өткөргүч түтүккө айланып баратышат.
Ошентип окшоштурууга жана дагы тарифтик пландарды салыштыруу үчүн уюлдук операторлордун тарифтик торчолорун түзүү логикасын түшүнүү керек болду. Азыркы учурда уюлдук операторлордун “үч кити” сызгычтык сунушка өтүп алышкан, анда ар бир сунушталган лимитсиз кызмат үчүн абоненттик төлөм алынат. Бизди бир айга канча төлөм алынары кызыктырат. Абоненттик төлөмдү баары эле бир учурда ала бербейт, ошондуктан, ал көлөмдөрдү гана көбөйтүп койдум.
Эсептөөгө ыңгайлуу болуусу үчүн бир таблицага бириктирип койдум, ал жерде баары түшүнүктүү болуп турат.  Бирок, алардын астында бир аз түшүндүрүп, айрым “фишкаларга” көңүлүңүздөрдү буруп кетейин. Ар бир операторлордун ар кандай деңгээлде өзүнүн “плюстары” жана “минустары” бар. Кичинекей шрифттеги жылдызча белгисин кароону дагы унутпайлы.
Билайн «Твой Стиль»
Бир айга төлөм
Тармактагы мүнөт
Тармактан сырткары
мүнөт
Смс
МБ/30 суткага
500
1 000
100
100
512
1000
2 750
250
250
1 024
1500
4 550
450
450
2 048
2500
6 000
1 000
600
6 144
1 СМСтинбаасы - 0,9 сом
Тармак ичиндеги 1 мүнөттүн баасы - 1,9 сом
Тармактан сырткары чалуулардын баасы 1 МБ - 2,9 сом
КР боюнча чалууларды тегеректөө 1 секундга чейин, интернет -  1 кбга чейин
Мегаком «Элдик»
Бир айга төлөм
Тармактагы мүнөт
Тармактан сырткары
мүнөт
Смс
МБ/28 күнгө
200
1 200
0
2000
4 200 (бир күнгө 150)
360
2 000
0
4 000
8 400 (бир күнгө 300)
480
3 800
120
6 000
14 000 (бир күнгө 500)
640
5 200
120
8 000
21 000 (бир күнгө 750)
840
6 000
200
10 000
29 400 (бир күнгө1050)
1 Мбтын, мшнөттүн, СМСтин баасы - 0,95 сом
Тармактан сырткары чалуулардын баасы - 2,95 сом
КР боюнча чалууларды тегеректөө 10 секундга чейин, интернет – 100 кбга чейин
О! «Переходи на О!»
Бир айга төлөм
Тармактагы мүнөт
Тармактан сырткары
мүнөт
Смс
МБ/28 күнгө
480
5040
120
5 600
2100 (300)
Тармак ичиндеги 1 мүнөттүн, СМСтин баасы - 0,99 сом
Тармактан сырткары чалуулардын баасы  - 3,99 сом
Ого чалууларды тегеректөө – 1 секундга чейин, КР боюнча чалууларды тегеректөө 10 секундга чейин
      
Кызык жагдай түзүлдү. Жөнөкөйлүк жагынан алганда, О! уюлдук оператору кубандырат. Бирок, абоненттердин баары эле мүнөттөрүн, СМС билдирүүлөрүн бирдей коротуп, баары эле интернет пайдалана бербейт да. Менимче, тандоонун жоктугу ыңгайсыз. Эгерде интернетти көбүрөөк колдоном десең, анда кошумча кызматтарды кошуу керек болот, албетте, бул кошумча чыгымды алып келет. 128Кбит/секундадан кийин ылдамдыктын азайышына дагы көңүл бурбай коюуга мүмкүн эмес. Анткени, биз баарыбыз жогорку ылдамдыктагы интернетти каалайбыз. Кыскасы, сиз ишкер адам болбосоңуз анда О! Операторунун сунуштары сизди толугу менен канааттандырышы мүмкүн.
Көбүрөөк интернет колдоном дегендерге, албетте, “Мегаком” туура келет. Тандоо үчүн 5(!) варианттын берилиши, чөнтөгүңүзгө жана дагы муктаждыгыңызга жараша каалаган опцияңызды тандоого шарт түзөт. Мен бир жумага 120 сом пакетин сунуштамакмын. Нуртелеком сунуштап жаткан атаандаш тариф менен салыштырганда “Мегаком” ошол эле баага тармак ичинде сүйлөшүүгө көбүрөөк мүнөт берет. Мегабайт менен мүнөттү тегеректөө жагындагы “минусту” эске албаганда, интернет үчүн күрөштө саны боюнча дагы, сапаты боюнча дагы алдыга озуп чыгып жатат. Ал эми ылдамдыктын дайыма жогору болушу бул чоң “плюс”. Тармак ичинде, тармактан сырткары чалуулар дагы жетиштүү.
“Баары камтылган” принциби боюнча эң арзан сунуш Билайндын 500 сомдон башталган сунушу. Бул жерде уюлдук оператор тармак ичинде дагы, тармактан сырткары дагы чалууларынын мүнөттөрү менен мактанышы мүмкүн. Бирок, ошол эле баадагы СМС жана дагы максималдуу ылдамдыктагы интернет башка операторлорго салыштырмалуу өтө аз. Ошентсе дагы бир катар интернет-опциялар тандоого коюлган, бирок аларды өзүнчө тандап кошуу керек. Жалпысынан алганда, Билайндын алдыңкы тарифи жакшы сунуш, бирок, баалары чөнтөгүңүздү шыпырып коет.
Сунушталган тарифтер менен кошо берилген СМСтерди мен эсепке албай деле коет элем, анткени ачыгын айтканда азыр СМС менен колдонгондор кыйла азайды. Акысыз берилген СМСтин көлөмү өтө  көп болгондуктан, уюлдук операторлорго алкыш айтууга болот.
НсП жана НДС салыктары тууралуу кеп кылуунун дагы кажети жок, баарынын схемалары окшош – көрсөтүлгөн пакеттерде баары камтылган, лимиттен тышкаркы тарификацияда кошулган эмес. Ошондуктан, баарыңыздарга берилген лимиттен ашпоо керектигин кеңеш берем.
Денис Бердаков, Саясатчы
Булак: http://chabarman.kg/index.php/zg-ch-pikir/1718-kyrgyzstandyn-uyulduk-operatorlorunun-aldy-ky-tarifterin-salyshtyruu

Комментариев нет:

Отправить комментарий

Собрать кубик Рубика: политические трансформации Кыргызстана

На современном этапе развития политической культуры эти кланы представляют собой финансово-чиновничьи группы мафиозного типа, имеющие пр...